Таласта Баткен окуясында курман болгон аскерлер эскерилди

Кечээ, 26-октябрда Талас шаарында Баткен окуясында каза болгон жоокерлерди эскерүү иш-чарасы болуп өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, эскерүү иш-чарасына президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбеков, Талас облусундагы Баткен коогалаңынын ардагерлери жана Баткен окуясында каза болгон жоокерлердин үй-бүлө мүчөлөрү катышты.

"Алгач Баткен окуясында каза болгон 4 жоокердин эстелигине гүл чамбарлар коюлуп, куран окулду. Эскерүү иш-чарасынын экинчи бөлүгү Атай Огомбаев атындагы балдардын музыкалык мектебинде уланып, облустун, райондун жетекчилери эскерүү жана куттуктоо сөздөрү айтылды.

Чек ара кызматы жана аскер комиссариаты тарабынан Баткен ардагерлерине медалдар тапшырылды. Баткен коогалаңынын ардагерлерине ар тараптуу колдоо көрсөткөндүгү жана кызматташтыгы үчүн президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбеков, Баткен коогалаңынын ардагерлеринин коомдук бирикмесинин медалы менен сыйланды. Ардагерлердин урматын Талас шаардык маданият бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан чакан концерттик программа тартууланды", - деп жазылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан