"Биз өзүбүздүкүлөрдү эч качан таштабайбыз". Атамбаев Токторбаевге жооп берди

Бүгүн, 27-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында эл өкүлү Сеид Атамбаев депутат Жеңишбек Токторбаевдин мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге карата айтылган анын учурундагы камоолор тууралуу сынына жооп берди.
"Алмазбек Шаршенович жумшак гана дипломаттык түрдө эле пикирин айтты. Эгер анын тушунда камалгандар болсо, ал үчүн кечирим сураган. Азыркыга чейин катасын моюнуна алат. Мындан сырткары анын тажрыйбасы бар, жөн гана кеңеш берди. Аны ким кандай кабыл алат, ар кимдин өзүнүн иши. Ошондой эле менин кесиптешим Текебаевди үлкөн саясатчы катары айтып өттү. Анда ал бул жерде болушу керек эле. Ал кызматын таштап, өзүнүн тарапташтары менен бирге турушу керек болчу. А биз өзүбүздүкүлөрдү эч качан таштабайбыз",- деди Атамбаев.
Бүгүн парламентте Жеңишбек Токторбаев Алмазбек Атамбаевдин пикирин сындап, ал бийликте турганда деле аттуу-баштуу саясатчылар, журналисттер камалганын айтты.
Кечээ, 26-октябрда Алмазбек Атамбаев кыргыз-өзбек чек арасын тактоо келишими боюнча пикирин билдирген. Ал эми “Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу” беренесинин негизинде кармалгандарды тез арада бошотуу керектигин айткан.
Белгилей кетсек, 23-октябрда милиция бир катар саясатчы, жарандык активисттерди кармап кеткен. Натыйжада 22 жаран тергөө абагына киргизилип, бирөө ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылды. Ички иштер министрлиги билдиргендей, аларга Кылмыш-жаза кодексиндеги “Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу” беренеси (36, 278) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө жүргүзүлүүдө.
Жогорку Кеңеш 27.10.22
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан