Үстүбүздөгү жылдын аягына чейин Бишкекке 120 автобус келет. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, автобустарды сатып алууга шаардык бюджеттен 1 миллиард сом бөлүнгөн. Бүгүнкү күндө акчасы толугу менен төлөнгөн. Автобустар кытайлык компаниядан алып келинет.
“Тактап айтканда, автобустарды долбоорлордон тышкары сатып алуудабыз. Акыркы төрт-беш жылда өнөктөштөр менен долбоордун алкагында алынып жаткан автобустарга тиешелүү процедуралар созулуп кетти”, - деп кошумчалайт мэрия.
Кошумчалай кетсек, буга чейин мэрия кытайлык Zhongtong Bus Hoiding Co., Ltd компаниясынан 120 автобус сатып алары айтылган. Ар биринин баасы тетиктери менен 91 миң АКШ долларын түзөт.