Токмок шаарындагы мал базарга жылкы алууга барып 120 миң сом уурдатып жиберген карыя табылган акчасын кайрымдуулукка жумшады.
Ал рак илдетине кабылган 2 жарым жаштагы жана 6 жаштагы кыз менен балага жардам көрсөтүп, 60 миң сомдон берди.
Эске салсак, 16-октябрда социалдык тармактарда Токмоктогу мал базарда 120 миң сом акчасын уурдаткан карыянын видеосу тараган. Анда аксакал мал базарга аш өткөрүү үчүн жылкы алганы келгендиги айтылган. Ага базарга келген башка жарандар 115 миң 500 сом чогултуп берген. Арасында карыяга топтолгон каражатты накталай бергендин ордуна жылкы сатып берүүнү сунуштап чыккандар да болгон.
25-октябрда милиция аксакалдын акчасын уурдоого шектүү жаранды кармаган. Анда шектүү 120 000 сом зыяндын ордун толтуруп бергендиги маалымдалган.