Бүгүн, 28-октябрда Токмок шаарындагы мал базарга жылкы алууга барып 120 миң сом уурдатып жиберген карыя Манасбай Кадыралиев табылган акчасын кайрымдуулукка жумшады.
"16-октябрда Токмоктогу мал базардан акчамды уурдатып жибердим. Ал жердеги эл менин ыйымды көрүп, кайрымдуулук кылышты. 20 мүнөткө жетпей эле акча чогултуп, жылкы сатып беришти. Ошол күнү Токмоктогу мал базарга келген элге терең ыраазычылык билдирем. Менин кайгымды тең бөлүштү, аябай ыраазымын. Мен ошол жерден эле акча табылса кайрымдуулукка жумшайм дегем. Мына, Кудай тилегимди берди",- деди ал.
Манасбай Кадыралиев рак илдетине кабылган 2 жарым жаштагы жана 6 жаштагы кыз менен балага жардам көрсөтүп, 60 миң сомдон берди.
Эске салсак, 16-октябрда социалдык тармактарда Токмоктогу мал базарда 120 миң сом акчасын уурдаткан карыянын видеосу тараган. Анда аксакал мал базарга аш өткөрүү үчүн жылкы алганы келгендиги айтылган. Ага базарга келген башка жарандар 115 миң 500 сом чогултуп берген. Арасында карыяга топтолгон каражатты накталай бергендин ордуна жылкы сатып берүүнү сунуштап чыккандар да болгон.
25-октябрда милиция аксакалдын акчасын уурдоого шектүү жаранды кармаган. Анда шектүү келтирилген зыян 120 000 сомду толугу менен кайтарып бергендиги маалымдалган.
?showinfo=0&rel=0" frameborder="0" allowfullscreen>