"Келинчегим да жардам берет". Жөлөк пулдан баш тартып, бизнес баштаган ишкерлер менен маек

Буга чейин үстүбүздөгү жылдын июль айында социалдык контрактын негизинде социалдык жардам берүү жөнүндө жобо бекитилген. Ага ылайык, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр менен жергиликтүү бийликтин ортосунда социалдык келишим түзүлгөн. Тактап айтканда, бийлик жакырчылыктан чыгуу максатында үй-бүлөгө ишкердик баштоо үчүн кайтарымсыз негизде 100 миң сом бөлүп берип, келишим түзүлгөн күндөн тарта ал үй-бүлөгө ай сайын бериле турган жөлөк пул токтотуларын билдирген.

Белгилесек, бүгүнкү күндө өлкө боюнча жакырчылыкта жашаган жалпы 2800 үй-бүлөгө өз бизнесин баштоо үчүн 100 миң сомдук сертификаттар тапшырылууда.

Ал эми SUPER.KG порталы жөлөк пулдун тизмесинен чыгууну максат кылган, өкмөттүн 100 миң сомдук колдоосун алып, азыркы тапта ишкерлик кылып жаткан үй-бүлөлөрдү кепке тартты.

Алардын бири Талас шаарынын тургуну Линара Аскарбекова. Каарманыбыз учурда чакан цех ачып, тигүүчүлүк менен алектенип жаткан кези.

“Мектеп курагындагы эки балам бар, былтыр жолдошум каза болуп калган. Буга байланыштуу ушул жылдын март айынан тарта балдарыма жөлөк пул берилип баштаган. Башында 800 сомдон алчубуз, июндан баштап 1200 сом болуп көтөрүлдү.


Балдарымдын жаш болгондугунан улам аларды карап, үйдөн иштөөнү максат кылдым эле. Анткени күнүгө үйдөн чыгып жумушка баруу мен үчүн ыңгайсыз. Мындан улам былтыр жайында калкты иш менен камсыз кылуу Департаментинин жардамы менен бекер үч айлык тигүүчүлүк курсун бүтүрүп, сертификат алгам. Андан соң ар кандай жеке менчик цехтерде иштеп, тажрыйба топтодум. Эми бул долбоорго катышып, өзүм цех ачып, айымдарды жумуш менен камсыздоого аракет кылып жатам. Ал каражатка кийим тигүүчү 3 машина алдым. Азырынча өзүм жалгыз иштеп жатам, буйрутма өтө көп. Мезгилге ылайык кийимдерди тигип жатам", - деди ал.

Жылдыз Орозумбет кызы, Ала-Бука районунун Өрүктү айылы (Жалал-Абад):
“100 миң сомду IT жана электрондук кызмат көрсөтүүнү үйрөтүүгө жумшап жатам. Маселен, азыркы күндө отчётторду электрондуу түрдө тапшырууга өтүп кетпедикпи. Өзүнүн отчётторун тапшыра албай, кыйналып жүргөн элди көрүп, аларга жардам берүү максатында ушу багытты тандадым. Башында биздин райондун салык кызматынын жетекчиси менен сүйлөшкөм, ал долбоорду жактырды, толугу менен колдоп, колунан келген жардамын берем деп жатат. Азыр компьютер, принтер, ноутбук алдым. Мындан сырткары бул багытта алгач өзүмдү өнүктүрөм деп долбоордук суммадан каражат бөлгөм. Учурда электрондук кызмат көрсөтүү боюнча окуп жатам. Келерки жылдан тарта башкаларга үйрөтүп, жок дегенде 3-4 иш орунун түзөйүн деп жатам. Бул долбоор мага стимул болду, бир жерде жөн отура албай калдым. Ижарага чакан иш орун алып, буйруса ишимди баштадым".
Ал эми Таластагы Козучак айылынын тургуну Самат Орозалиев айылына техникалык тейлөө станциясын (СТО) ачып, ишкерлик кылып жатканын айтты.

“Буга чейин Казакстанга барып иштеп келгем. Айылдагылар иштеп келгениңди билгенден кийин унааларын алып келе берет экен. Кардарлар жакшы эле келип жатат, учурда өзүм иштеп жатам. Кээде жетишпей калганда келинчегим жардам берет.

Башында иш планыбызды атайын комиссия карап, кийин ала тургандарыбызды да комиссия аркылуу алдык. 1 тыйынды да башкага коротпой, баарын керектүү материалдарды алганга жумшадык.

Азыр баары эле “кандай болуп жатат, сонун болуп кеттиби” деп эле сурап жатышат. Бирок жумуш бир заматта эле жакшы болуп кетиши мүмкүн эмес го, акырындан болуп жатат. Жөлөк пул деп жата бербей, иштин болуп жатканы деле жакшы экен. Бул долбоорго катышып, ишин алып кеткен жакшы, анан алып кете албай калса кыйын эле болуп калат го. Биздики Кудайга шүгүр, жакшы”, - деди ал.

Эскерте кетсек, социалдык келишим алгач Кадамжай жана Жумгал райондорунда пилоттук долбоор катары ишке ашкан. Ошондой эле бул долбоорду каржылоо үчүн республикалык бюджеттен 292 миллион сом бөлүнгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан