Сеулдагы каргашадан жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок

Сеулдагы каргашадан жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирет.

"Сеул шаарынын Итэвон районундагы каргашалуу окуядан 151 адам каза болуп, 82 киши жабыркаган. Кыргызстандын элчилиги Йонгсан районунун полициясынын маалыматына таянып, каза болгондордун арасында кыргызстандыктар жок экенин билдирет", - деп айтылат маалыматта.

Кыргызстандын Кореядагы элчилигинин ыкчам байланыш номери иштеп жатат: +82-10-6891-2707 (WhatsApp).

Эске сала кетсек, 30-октябрга караган түнү Түштүк Кореянын борбору Сеулда Хэллоуин майрамын белгилөө учурундагы тыгындан 150дөн ашык адам каза болуп, 100дөй киши жаракат алган.

Окуяга байланыштуу президент Садыр Жапаров Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёлго көңүл айтуу телеграммасын жиберген.

Буга байланыштуу аталган өлкөдө улуттук аза күтүү жарыяланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан