Түштүк Кореянын борбору Сеул шаарында Хэллоуин майрамын белгилөө учурунда болгон тепсендиде кеминде 150 адам каза болуп, 103 киши жаракат алды. Курман болгондордун көбүнүн жүрөгү токтоп калган. Жергиликтүү бийликтин маалыматы боюнча, массалык тыгындан 20 чет элдик жаран дагы курман болгон.
Социалдык тармактарда Сеулдагы трагедиядан эки саат мурунку сүрөттөр тарады. Анда шаардыктардын көңүлү жай экендиги, маскалар, костюмдар жана бактылуу шаардыктарды көрүүгө болот.
Салт боюнча Хэллоуин майрамы Түштүк Кореяда Ихатвон кварталында белгиленет, анткени анда көптөгөн америкалыктар жашайт. Бул кварталдын тар көчөлөрү мынчалык сандагы адамдарга ылайыкталган эмес.
Дарыгерлер менен полиция кырсык болгон жерге дароо келген, бирок элди аралап өтө алышкан эмес. Жалпысынан чакырууга 400 "Тез жардам" кызматы келген. Учурда жабыркагандардын саны такталууда. Түштүк Кореяда 5-ноябрга чейин улуттук аза күтүү жарыяланды.