Алиев, Пашинян жана Путин Сочиде үч тараптуу жолугушуу өткөрдү

Орусиянын президенти Владимир Путин, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян жана Азербайжандын президенти Илхом Алиев 31-октябрда үч тараптуу жолугушуу өткөрдү.
Эки саатка созулган сүйлөшүүдө Армения менен Азербайжандын лидерлери күч колдонуудан баш тартууга жана маселелерди суверендүүлүктү таануунун негизинде чечүүгө макул болушту. Өлкө лидерлери тарабынан Карабах боюнча биргелешкен билдирүү макулдашылды.
Ошондой эле тараптар Армения менен Азербайжандын ортосунда тынчтык келишимин түзүүгө активдүү даярдык көрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти. Лидерлер өз ара алгылыктуу чечимдерди издөөнү улантууга макулдашып, буга Москва ар тараптан жардам бермей болду.
Буга чейин Путин Пашинян жана Алиев менен өз-өзүнчө да жолугушкан. Негизги тема Армения - Азербайжан чек араларындагы чыңалган абалды жөнгө салуунун жолдорун издөө жана Тоолуу Карабахтын айланасында жаралган кырдаал болууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан