Дубайдагы Бурж-Халифа имараты Кыргызстандын желегинин түсүнө боёлду (видео)

Кечээ, 1-ноябрда президент Садыр Жапаровдун сапарынын урматына Дубай шаарындагы эң бийик Бурж-Халифа имараты Кыргызстандын туусунун түсүнө боёлду. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Ал дүйнөдөгү эң бийик имарат болуп саналат. Анын бийиктиги 828 метр, 163 кабаттан турат.

Имараттын салтанаттуу ачылыш аземи 2010-жылдын 4-январында өткөн.

Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаровдун 30-октябрдан 1-ноябрга чейинки Бириккен Араб Эмираттарына болгон иш сапары аяктады. Мамлекет башчысы кечээ, 1-ноябрда Бишкек шаарына кайтып келген.

Дубайдагы Бурж-Халифа имараты Кыргызстандын желегинин түсүнө боёлду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан