Президент Садыр Жапаровдун 30-октябрдан 1-ноябрга чейинки Бириккен Араб Эмираттарына (БАЭ) болгон иш сапары аяктады. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалымат кызматы билдирет.
Белгилүү болгондой, иш сапарынын алкагында президент Садыр Жапаров БАЭ президенти шейх Мухаммед бин Заед Аль Нахайян менен жолугушуп, эки өлкө ортосундагы өнүгүп жаткан кызматташуу келечегин, соода-экономикалык, билим берүү, гуманитардык, инвестициялык жана башка өз ара кызыкчылык туудурган тармактардын маселелерин талкуулашты.
Жолугушуунун жыйынтыгында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду. Анын ичинде 1 миллиард 200 миллион доллар суммасына чейинки ири коммерциялык өнүгүү долбоорлорун ишке ашырууну көздөгөн, уставдык фонду 100 миллион доллар болгон Биргелешкен холдингдик компания түзүлдү.
Ошондой эле иш сапардын алкагында мамлекет башчысы "Wahat Al Karama" мемориалдык комплексине барып, Мекени үчүн курман болгон БАЭ баатырларынын элесине таазим кылып гүлчамбар койду.
Андан соң Бириккен Араб Эмираттарынын негиздөөчүсү жана биринчи президенти шейх Заед бин Султан Аль Нахаяндын күмбөзүнө, ошондой эле шейх Заеддин ысымы ыйгарылган мечитке барды.
Президент Садыр Жапаров кечээ, 1-ноябрда, иш сапары аяктап Бишкек шаарына кайтып келди.