Бүгүн, 3-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев экстремисттик аракеттерге каршы аракеттенүү боюнча мыйзам долбоору тууралуу маалымат берди.
Докладдан кийин ал депутаттардын суроолоруна жооп берүү үчүн ордуна барып отурмакчы болгон. Бирок төрага Нурланбек Шакиев ага уруксат берген жок.
"Мындан ары баяндамачылар, суроолорго борбордук трибунадан жооп бергенди үйрөнгүлө жана көнгүлө. Бул жакка отуруп алып жооп бергениңер, анча жарашпаган көрүнүш. Өзүңүздөр билгендей мурда парламентте өкмөт башчы өзү баш болуп, өкмөт мүчөлөрү бир нече сааттар бою туруп алып суроолорго жооп берчү. Силер дароо эле отуруп алайын дейсиңер. 5 мүнөттө бутуңар уюп кетет", - деди Шакиев.