Коомдук транспорттордогу жол акысы дале талкуу жараткан тема бойдон калууда. Буга чейинки шайлоолор алдында айрым партиялар коомдук транспортко байланыштуу бир катар убадаларды берип келишкен. Атүгүл, Бишкек мэриясы монорельс курууга даяр экендигин да айтып чыккан. Кийин түрк компаниясынын өкүлдөрүнө монорельс курула турган аймактарды көрсөтүп, тааныштырганы да бар. Бирок ушу күнгө чейин бул маселеге чекит коюлбай, куру сөз бойдон калып келет.
Жол акыны көтөрүү көйгөйү 10 жылдан бери, тагыраак айтканда, 2012-жылдан тарта көтөрүлүп келет. Аталган жылы жол кире 2 сомго кымбаттаган. Ал эми бул маселенин эң соңкусу өткөн жылдын июнь айында коомдук унаалардын айдоочуларынын иш таштоосу менен коштолгон. Мындан улам былтыр 1-ноябрда Бишкек шаардык кеңеши коомдук транспорттун жол киресин көтөрүү боюнча токтом чыгарган. Ага ылайык, жол кире маршруттук такси үчүн – 10 сомдон 15 сомго, троллейбус жана автобуска – 8 сомдон 11 сомго жогорулаган.
Акыркы күндөрү жол кирени көтөрүү маселеси кайрадан көтөрүлө баштады. Өткөн айда Бишкек мэриясы коомдук транспорттогу жол кире акысын көтөрүүнү демилгеледи. Маалымдалгандай, троллейбус, автобуста жол кире акысы 15 сомго, маршруттук таксиде 21 сом, ал эми кечки саат 20:30дан кийин 32 сомго көтөрүү сунушталган.
"Жол акысы көтөрүлсө эле транспорт көйгөйү чечилеби?” деген суроо жаралбай койбойт. Маселен, жол киренин жогорулашы айрыкча окуучу, студенттердин чөнтөгүнө туура келбестигин, ошондой эле айрымдары транспорт тартыштыгынан улам кыйналып жаткандарын айтышууда. Алардын бири Саида. Ал азыркы тапта Кусеин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде 2-курста окуйт. Саида окуу жайына баруу үчүн 2 маршруткага түшүүгө туура келерин айтат. Себеби ал бара турган жайга коомдук транспорттор түз каттабайт.
“Мен Сокулуктагы Военно-Антоновка айылында жашайм. Ар күнү саат 7де үйдөн чыгып, кечки 6-7лерде келем. Таңда да, кечинде да кичи автобустардын ичи толо эл болот. Жол акыны көтөргөндөн мурун коомдук транспорт таңкыстыгын чечип, элге шарт түзүп беришсе жакшы болмок. Мисалы, биз жактан Айни көчөсү тарапка бир да кичи автобус түз каттабайт. Окуум ошо тарапта болгондуктан эки маршруткага түшүүгө туура келет. Университеттен чыгып алып кошумча курска да барам.
Эми жол акысын айтсам, эгерде университетке түз барып, түз келе турган болсом күнүнө 60 сомдой кетет. Акыркы күндөрү жол кирени дагы көтөрүү сунушталып жатпайбы. Анан ал тариф менен эсептегенде күнүнө бир топ эле чыгаша болот го”, - деди ал.
Жогоруда айтылган мисал бир эле жарандын чыгымы. Эми бир үй-бүлөдөгү 4-5 окуучу же студенттин чыгымын эсептеп көргөндө бир топ каражат сарпталары айтылбаса да белгилүү.
Ал эми Бишкектин Жанара Токтоматова аттуу тургуну жол акысын көтөрүүдөн мурун алгач жүргүнчүлөрдү тейлөө сапаты жакшырса дейт.
“Акыркы учурда шаарда салыштырмалуу коомдук транспортко болгон муктаждык өскөнү байкалды. Эртең менен жана кечинде ар дайым кичи автобустун ичи жык-жыйма. Батпай калган учурларды санабай деле калдык. Ал эми санитардык нормалар дээрлик сакталбайт. Мындай көрүнүш шаар ичинде болгону гана. Алыскы конуштарды айтпай эле коёюн. Анан дагы жол акыны көтөрүү сунушталууда. Жол кирени көтөргөнгө жараша андагы шарттар түзүлүшү зарыл.
Эмне үчүн эптеп жумушка барып, эптеп үйгө жетип жашашыбыз керек? Калаа бийлиги жок дегенде шаардыктардын коомдук транспорт маселесин чечип берсе болор эле”, - дейт ал.
7-класстын окуучусу Искак Салмоорбеков транспорт көйгөйүнө кабылгандардын бири.
“Мен Ак-Ордо конушунда жашайм. Кээде кичи автобуска батпай, сабакка кечиккен учурларым болот. Тыгылыштын айынан кыйналып кетебиз, алыс жакта жашаган досторум үйлөрүнө кеч барышат. Мисалы, мен мектептен кечки саат 18:00дө чыксам үйгө 19:30да барам”, - дейт Искак.
13 жылдан бери кичи автобус айдаган Каныбек Көчөрбаев жол акынын кымбатташы өзгөчө окуучулар үчүн кыйынчылык жаратарын кошумчалады.
“Элди ойлой турган болсок, жол акынын жогорулашына каршымын. Ал гана эмес жол кирени 15 сомго көтөргөндө эле окуучулар жөө басып калышты. Анан мында да көтөрүлсө кыйын эле болуп калат го. Чындыгында 15 сом болгон күндө деле маршруттук таксилердин саны көбөйгөн жок. Тескерисинче, кичи автобустун ичи толо эл. Анткени маршрутка айдаганга айдоочулардын кызыгуусу жок. Автотетиктер, оңдоо иштери, ижара акысы кымбат, өзүн актабай калат экен. Өзүм 13 жылдан бери маршруттук такси айдап келем”, - деди айдоочулардын бири Каныбек Көчөрбаев.
Бишкек мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү департаменти калаа тургундарын коомдук транспорт менен камсыз кылууга 1500дөй автобус керек экендигин айткан. Калаа бийлиги жыл соңуна чейин Бишкекке кытайлык компаниядан 120 автобус алып келинет деп ишендирүүдө. Маалыматка ылайык, автобустарды сатып алууга бюджеттен 1 миллиард сом бөлүнгөн.
Белгилей кетсек, учурда Бишкекте күн сайын 90го жакын автобус, 130 троллейбус жана 1600 кичи автобус линияга чыгат.