Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 10-ноябрда Түрк мамлекеттеринин уюмунун (ТМУ) саммитинин тогузунчу жыйынына катышуу үчүн Өзбекстандын Самарканд шаарына учуп кетти. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлады.
Маалыматка ылайык, анда өлкө лидерлери уюмдун алкагындагы көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашып, ТМУнун декларациясын жана 2022-2026-жылдарга стратегиясын кабыл алышат.
Иш-чаранын алкагында транспорт, бажы иши, санариптештирүү жаатындагы документ жана макулдашууларга кол коюу, ошондой эле ТМУ менен эл аралык түрк академиясындагы бир катар кызматтарга дайындоо болору пландалууда.
Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамы:
– Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
– Президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
– Кыргызстандын Өзбекстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Муса Жаманбаев;
– Кыргызстандын Түркиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Кубанычбек Өмүралиев;
– Транспорт жана коммуникация министри Тилек Текебаев;
– Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев;
– Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков.
Белгилей кетсек, өзбек тараптын төрагалыгы астындагы саммиттин ишине уюмга мүчө-мамлекеттер – Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан, Түркиянын башчылары катышат. Ал эми Венгриянын премьер-министри менен Түркмөнстандын Халк Маслахаты Милли Генгешинин төрагасы байкоочу макамында катышат.