Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 10-ноябрда Өзбекстандын Самарканд шаарында Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолугушууда кыргыз-венгер эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу багыттары, аларды өнүктүрүүнүн келечеги талкууланды. Ошондой эле өлкө лидерлери транспорттук, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда өз ара аракеттенүүнүн маселелерин талкуулашты.
"Садыр Жапаров Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы экономикалык мамилелердин бекемделгенин белгилеп, Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун алкагындагы жалпы суммасы 24 миллион АКШ долларын түзгөн конкреттүү инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу белгиленгенине көңүл бурду. Ошондой эле эки өлкө ортосундагы соода мамилелеринин потенциалы кыйла жогору болгондугуна карабай, толук көлөмдө пайдаланылбай жатканын белгиледи. Ал өз ара сооданы көбөйтүү үчүн күч-аракеттерди жумшоонун маанилүү экенин белгилеп, өлкөлөрдүн ортосундагы экономикалык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүү механизми болуп экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-венгер өкмөттөр аралык комиссиясы саналарын кошумчалады", - деп айтылат маалыматта.
Виктор Орбан өз кезегинде мамлекет башчыларынын бетме-бет жолугушуулары эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө жакшы түрткү берерин баса белгилеп, учурда жогорку деңгээлдеги өз ара сапарлар каралып жатканын эске салды.
"Ал венгер тарап Кыргызстанга инвестиция салууга кызыкдар экенин билдирди. Ошондой эле экономикалык кызматташтык жаатында практикалык чараларды көрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, артыкчылыктуу маселелердин бири катары өлкөлөр ортосунда түз аба каттамын ачуу зарылдыгын мисал катары келтирди", - деп жазылат билдирүүдө.