Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 11-ноябрда Түркмөнстандын Халк Маслахаты Милли Генгешинин төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолугушуу Өзбекстандын Самарканд шаарында өтүп жаткан Түрк мамлекеттер уюмунун саммитинин алкагында өттү. Анда эки тараптуу мамилелердин учурдагы абалына баа берүү боюнча пикир алмашуу болуп, жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштуруу маселелери талкууланды.
Садыр Жапаров Гурбангулы Бердымухамедов менен Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовду Кыргызстанга ыңгайлуу убакта келип кетүүгө чакырды.
Өз кезегинде Гурбангулы Бердымухамедов жолугушуу үчүн ыраазычылык билдирип, эки тараптуу байланыштарды өнүктүрүүнүн жана тереңдетүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Тараптар активдүү темп менен өнүгүшү керек болгон өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты мындан ары тереңдетүү үчүн биргелешкен күч-аракеттерди жумшоого макулдашты.