Камактан чыккан Руслан Бекназаров кызматына кайтты

Свердлов районунда муниципалдык администрациясынын башчысынын биринчи орун басары Руслан Бекназаровдун төрагалыгы алдында кирешелер боюнча штабдын жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жыйынга райондук салык кызматынын, ири салык төлөөчүлөрдү көзөмөлдөө башкармалыгынын, райондук каржы башкармалыгынын, жетекчилери жана муниципалдык администрациянын жооптуу кызматкерлери катышты.

Анда 2022-жылдын январь-октябрь айларында жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышы жана 2022-жылдын ноябрь айына күтүлүп жаткан кирешелер боюнча маселелер каралган.

"Мамлекеттик салык кызматынын Свердлов району боюнча башкармалыгы жана Ири салык төлөөчүлөрдү көзөмөлдөө башкармалыгы тарабынан 2022-жылдын 10 айында жергиликтүү бюджетке 1 миллиард 973 миллион сом салыктык түшүүлөр жыйналды.

Райондук кызматтардын жетекчилерине салыктар боюнча пландык көрсөткүчтөрдү аткаруу, кошумча салыктык түшүүлөрдү табуу жана салык мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө аркылуу райондун салык базасын кеңейтүү тапшырмасы берилди", - деп жазылган маалыматта.

Белгилей кетсек, Руслан Бекназаров 14-сентябрь күнү экстремизмге шектелип кармалган. 2-ноябрь күнү райондук сот Бекназаровду 12-декабрга чейин үй камагына чыгарган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Antiradikal11
2022-11-13 15:07:00
Бизде боло берет.... Кечээ турмодо, бугун кайра кызматта.....
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан