Руслан Бекназаров өз каалоосу менен кызматын тапшырды

Бишкек шаарынын Свердлов районунун акиминин орун басары Руслан Бекназаров өз каалоосу менен кызматтан кетти. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"Кызматымды өз арызым менен тапшырып бердим. Бишкек шаардык мэриясына, Свердлов районунун акимиатына, жашоочуларына ыраазычылык билдирем. Аз болсо дагы чын ниетимден кызмат кылдым. Ыраазы болуңуздар", - деп жазды ал.

Белгилей кетсек, Руслан Бекназаров 14-сентябрь күнү экстремизмге шектелип кармалган. 2-ноябрь күнү райондук сот Бекназаровду 12-декабрга чейин үй камагына чыгарган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан