Стамбулдагы жардыруу: Түркия АКШнын көңүл айтуусун кабыл албай койду

Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлу Стамбулдагы терактка байланыштуу АКШнын көңүл айтуусун кабыл албай турганын билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

"Биз кол салуунун кайда координацияланганын билебиз. Бизге АКШ көңүл айтуу катын жиберди. Бирок АКШ элчилигинин көңүл айтуусун кабыл албайбыз жана четке кагабыз. Биз эч кимге душмандык кылбайбыз", - деген Сойлу.

Кечээ, 13-ноябрда Стамбулдагы Истиклал көчөсүндө алты адамдын өмүрүн алган жардыруу болду. Полиция бул жардырууга шектелип аял киши кармалганын билдирди. Маалым болгондой, аял трагедия болгон отургучта 45 мүнөттөй отурган. Ал ордунан туруп кеткенден кийин дал ошол жерде жарылуу болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан