Орто-Токой суу сактагычы Кыргыз Республикасынын карамагында калды. Бул тууралуу УКМК башчысы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.
"Орто-Токой суу сактагычы жайгашкан жер аянты жана компенсация катары алынган жер аянттары да толугу менен Кыргыз Республикасынын карамагына калтырылып жазылды. "Орто-Токой өтүп кетиптир" дегендердин баары калп. Мунун баары биздин жерибиз, биздин платинабыз боюнча калды", - деди Ташиев.