Ош шаарында жабык теннис корту пайдаланууга берилди (фото)

Бүгүн, 17-ноябрда Ош шаарында курулушу аяктаган жабык теннис корту пайдаланууга берилди. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат кызматынан маалымдашты.
Кабарлангандай, анын ачылышына мэр Алмаз Мамбетов катышып, бул теннис кортунун ачылышы менен калаадагы жаш теннисчилерге жыл бою машыгууга шарт жаралып, Ош шаарында теннистин өнүгүшүнө мүмкүнчүлүк түзүлөөрүн белгиледи. Ошондой эле облустук жана эл аралык деңгээлдеги турнирлерди уюштурууга болоорун кошумчалады.
Мында балдарга жыл бою теннис жана стол тенниси үйрөтүлөт.
Бул иш спорттук инфраструктураны өнүктүрүү боюнча пландалган иш-чаралардын алкагында жүзөгө ашты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан