Кыргызстанда адам укуктарын илгерилетүү боюнча долбоор башталды

Бүгүн, 18-ноябрда «Адилеттүлүккө мониторинг – Кыргызстанда адам укуктарын илгерилетүүдө жарандык коомду чыңдоо» аталышындагы долбоордун бет ачар аземи болуп өттү. Ал Укуктук реформаларга мониторинг жүргүзүүдө жана пропагандалоодо жарандык коомдун ролун күчөтүүгө багытталган.

Долбоор Кыргызстандагы адам укуктарын коргоо гендердик теңчиликке, жеке жашоонун кол тийбестиги жана экологиялык укуктарга басым жасайт.

Иш-чарага мамлекеттик органдардын, бейөкмөт уюмдардын, илимий чөйрөлөрдүн, эксперттик коомчулуктун, эл аралык уюмдардын, ЖМК өкүлдөрү, анын ичинде Кыргызстандын Конституциялык сотунун төрагасы Эмил Өскөнбаев, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) орун басары Альберт Колопов, КР Европа Биримдигинин Өкүлчүлүгүнүн программалык менеджери Йотам Лерер, долбоордун директору (Конрад Аденауэр атындагы Фонду) Игорь Брыжатый жана долбоордун жетекчиси (Эл аралык тынчтык жана мыйзам үстөмдүгү үчүн Макс Планк Фонду) Илариа Вианелло катышты.

Иш-чара долбоордун максаттары жана милдеттери менен тааныштыруу, ошондой эле адам укуктары маселелери боюнча негизги жооптуу тараптардан эксперттик кеп-кеңештерди жана байкоолорду алууга багытталган. Мындан тышкары ар кандай деңгээлдеги аянтчаларда кызматташуунун жана өз ара аракеттенүүнүн жолдорун издөө үчүн уюштурулган.

«Адилеттүүлүккө мониторинг – Кыргызстанда адам укуктарын илгерилетүүдө жарандык коомду чыңдоо» долбоору иш-чаралардын комплексин ишке ашырууда төмөнкү негизги натыйжаларга жетишүүгө умтулат:

- Укуктук реформаларга жана адам укуктарынын кепилдиктерин ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү боюнча жарандык коомдун потенциалын жогорулатуу, ошондой эле калктын укуктук аң-сезиминин деңгээлин жогорулатуу.

- Жарандык коом жана консультациялык платформалар менен диалогду түзүү, Кыргызстанда укуктук айкындуулукту жана отчёттуулукту илгерилетүү.

- Реформаларга мониторинг жүргүзүү, айкындуулукту камсыздоо жана гендердик теңчиликти, жеке жашоонун жана экологиялык укуктарды коргоо үчүн санариптик инструменттерди иштеп чыгууну колдоо.

- Ченемдик укуктук актылардын адам укуктары, гендердик теңчилик, жеке кол тийбестик укугу жана экологиялык мыйзамдар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын эл аралык принциптерине жана милдеттенмелерине шайкеш келишин жакшыртуу.

«Адилетттүүлүккө мониторинг – Кыргызстанда адам укуктарын илгерилетүүдө жарандык коомду чыңдоо» аталышындагы долбоор Европа Биримдиги жана кошумча Конрад Аденауэр Фонду тарабынан каржыланат.

Долбоор Конрад Аденауэр атындагы Фонду тарабынан Макс Планктын Эл аралык тынчтык жана мыйзам үстөмдүгү үчүн фонду, «БИОМ» экологиялык кыймылы жана аялдардын «Алга» ассоциациясы менен биргеликте ишке ашырылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан