Кыргыз-Венгер фондунун ишмердүүлүгүнүн алкагындагы долбоорлорду ишке ашыруу талкууланды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.
Кабарлангандай, экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Венгриянын Кыргызстандагы элчиси Шандор Дороги менен жолугушту.
Анда тараптар энергетика жана айыл чарба тармагында фонд тарабынан иштелип жаткан долбоорлордун тизмесине кирген долбоорлорду кошкондо, алардын экономикалык эффектилерин эске алуу менен айрым долбоорлордун артыкчылыктарын талкуулашты.
Жолугушуунун жыйынтыгында фонддун ички уюштуруу жана оперативдүү ишмердүүлүгүнө байланыштуу бир катар маселелер мындан ары өнүктүрүү үчүн макулдашылды.