Борбор калаада жакында таштанды иргөөчү пункт ачылат

Бишкекте жакында таштанды иргөөчү пункт ачылат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Кабарлангандай, Биринчи Май акимчилиги менен "Бекен Дос" ЖЧКсы катуу тиричилик калдыктарын иргөө боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруу келишимине кол коюшту.

"Ишкананын келишиминин алкагында 5 жылдык мөөнөткө Панфилов көчөсүндөгү №188/2 дарегине 147,12 чарчы метр аянттагы катуу таштандыларды иргөөчү пунктту куруу жана иштетүү үчүн жер тилкеси ижарага берилген. Аталган пункт учурда бул жерде иштеп жаткан таштанды контейнерлерин алмаштырат", - деп айтылат маалыматта.

Белгилүү болгондой, тараптар таштанды иргөөчү пунктту ушул жылдын аягына чейин курууну макулдашты.

Пунктту курууга каражатты "Бекен Дос" ЖЧКсы жеке өнөктөш бөлүп берет, ал бөлүнгөн жерди өз максатына ылайык пайдаланууга милдеттемени алат.

Жер тилкеси жана зарыл уруксат кагаздары акимчилик аркылуу берилет.

Белгилей кетсек, пилоттук долбоорду ишке ашыруу шаардык бюджеттен кошумча каражаттар талап кылынбайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан