Өлкөдө башталгыч класстын окуучуларына айран берилет

Өлкөдө "Билим үчүн азык жана балдардын тамактануусу" программасынын алкагында башталгыч класстын окуучуларына айран берилет. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилиги билдирет.

Белгилүү болгондой, ар бир окуучуга күн сайын 40 граммдан айран берилмекчи.

"Айран Чүй облусундагы 19 мектеп, Жалал-Абаддагы 26, Ош боюнча 64 мектеп жана Баткен облусундагы 15 мектептин башталгыч класстын окуучуларына берилет", - деп айтылат билдирүүдө.

Алдыдагы беш жылдын ичинде жергиликтүү өндүрүүчүлөр менен биргеликте Кыргызстандагы 400дөн ашык мектепти айран менен камсыздоо көздөлүп жатат.

Белгиленгендей, жергиликтүү өндүрүүчүлөр жана жеткирүүчүлөр программага катышуу үчүн талап кылынган азык-түлүк коопсуздугу жана отчёттуулук стандарттарына жооп бериши керек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан