Таштандыга болгон төлөмдүн баасы көтөрүлүшү керек. Бул тууралуу бүгүн, 23-ноябрь күнү Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров маалымат жыйын учурунда билдирди.
"Бүгүнкү күндө бардык нерсенин баасы өстү. Азыркы учурда таштандыга болгон баа 25 сом. Бирок бир адам канча таштанды чыгарып жатат. Мен бир нече өлкөдө болдум. Буюрса, таштандыны иштетүүчү жай куруунун үстүндө иштеп жатабыз. Жакында биз сиздер аркылуу коомчулукка тартуулайбыз", - деди Абдыкадыров.