Бүгүн, 23-ноябрда Бишкектеги "Мекен шейиттери" мечитинде белгилүү дин ишмери, Кыргызстандын мусулмандарынын тунгуч муфтийи Кимсанбай Абдурахмановду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирет.
Маркум менен коштошуу зыйнатына мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Тойгонбай Абдыкаров баштаган мамлекеттик кызматкерлер, Жогорку Кеңештин депутаттары, муфтий Замир Ракиев баштаган дин аалымдары, муфтияттын жамааты, экс-муфтийлер, дин ишмерлери, мекеме ишканалардын жетекчилери жана шаар тургундары катышты.
Белгилей кетсек, Кыргызстандын мусулмандарынын тунгуч муфтийи Кимсанбай Абдурахманов 22-ноябрда 82 жаш курагында дүйнө салган.