Белгилүү иллюстратор Татьяна Зеленская журналист Болот Темировдун өлкөдөн чыгарылышын чагылдырган эмгегин жарыялады.
Ал жаңы эмгегин социалдык тармактагы баракчасы аркылуу бөлүшүп: "Болот Темировду колдоп. Антиутопия", - деп жазган.
Эскерте кетсек, кечээ, 23-ноябрда сот журналист Болот Темировду өлкөдөн чыгаруу чечимин чыгарган. Өзүн сот залынан кармап кеткени кабарланган.