Бүгүн абитуриенттер үчүн кышкы ЖРТга кошумча каттоо болот (убактысы)

Бүгүн, 25-ноябрда жогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуу үчүн Жалпы республикалык тестирлөөгө кошумча каттоо жүргүзүлөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматында көрсөтүлөт.
Билдирмеге таянсак, каттоо 13:00дөн 17:00гө чейин онлайн өтөт.
Ал эми Жалпы республикалык тестирлөө (ЖОЖдорго кышкы кабыл алуу үчүн) 26-27-ноябрда болот.
Тестирлөө борборлору:
1. Бишкек шаарындагы №72 орто мектеби;
2. Бишкек шаарындагы №95 окуу-тарбия комплекс мектеп-гимназиясы;
3. Ош шаарындагы “Жетиген” мектеп-лицейи.
Каттоого мамлекеттик үлгүдөгү документтер менен ырасталган жалпы орто же кесиптик орто билими бар жана учурда 2022-2023-окуу жылында ЖОЖдордо окубаган адамдарга уруксат берилет.
Алдын ала өтүнмөлөр боюнча 49 жогорку окуу жай кышкы кабыл алууну өткөрөт. Анын ичинен 17 мамлекеттик, 32 менчик окуу жай.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Астана Мамашарипов
2022-11-25 13:26:00
Мен бул кышкы ЖРТ га кантип катталса болот
0
Айжанар Рыспек кызы
2022-11-25 14:31:35
Астана Мамашарипов, https://www.super.kg/kabar/news/420043
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан