Бишкекте аскер институтунун жаш жоокерлери ант беришти (фото)

Бүгүн, 26-ноябрда Куралдуу күчтөрүнүн К. Усенбеков атындагы аскер институтунун окуу процессин камсыздоо батальонуна күзгү чакырык менен келген жаш жоокерлердин аскердик ант берүү салтанаттуу аземи өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, алар үч жуманын ичинде Улуттук гвардиянын тажрыйбалуу офицерлер жана сержанттардын жетекчилиги астында жаш жоокерлер курсунун алкагында күчөтүлгөн программасын өтөшкөн.

Мындан сырткары, күн тартибин жана жалпы аскердик уставдарды окуп, тактикалык, саптык жана дене тарбия даярдыгынын негиздерин өздөштүрүү жана өздөрүн мындан аркы аскердик милдеттерди аткарууга даярдашты.

Азем жаңы мекен коргоочулардын салтанаттуу жүрүшү менен аяктады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан