Бүгүн, 26-ноябрда Бишкекте өтүп жаткан Элдик курултайда Ноокат районунан келген делегат Турсунаалы Ажыкулов залда отурган аткаминерлерди сынга алды.
"Урматтуу министрлер, сиздерге айта турган сындар көп. Садыр Нургожоевичтин колуна кол, бутуна бут боло турган сиздерсиңер. Бирок бул жерде бири-бириңиздер менен күлүп, мыскылдап отурасыңар, президент жазып жатат. Бириң да элди ойлогон жоксуңар. Силерди көрүп абдан капа болдум. Делегаттар бул жакка силерге окшогондорду сындайлы деп келдик", - деди Ажыкулов.
Ошондой эле ал транспорт министрлиги акча жегенинен жолдор оңдолбой турганын, коргоо министрлигинин шалаакылыгынан армияда аскерлер каза таап жаткандыгын кошумчалады.
Белгилей кетсек, курултайга президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин төрагасы жана депутаттары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү, ошондой эле мамлекеттик органдардын жетекчилери катышууда. Ал эми өлкөнүн бардык облустарынан жана аймактардан 1072 делегат келген.