Бүгүн, 26-ноябрда Элдик курултайда конок катары чакырылган Сапарбек Аргынбаев УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин Жогорку Кеңеште сөгүнгөнүнө баа берүү керектигин айтты.
“Эң кыйын суроо, муну силердин алдыңарда айткандан да тартынып турам, бирок айтыш керек болуп жатат. Кимдин апалары тирүү? Кимдин апалары болсо Жогорку Кеңеште “энеңди...” деп сүйлөгөнүнө кандай баа бериш керек? Ал киши президентти көзүнө илбей ошол сөздү айтып ийди. Ал элдин трибунасы, ошол элге кайрыла турган жерде ошол сөздү айтып ийди”, - дегенде ага бөлүнгөн убакыт бүтүп, микрофонду өчүрүп коюшту.
Залда отургандар кыйкырып микрофонду күйгүзүүнү талап кылганына карабай курултайдын төрагасы Кадыр Кошалиев берилген убакыттан ашпай сүйлөө керектигин, эреже баарына бирдей экендигин айтты.
Белгилей кетсек, курултайга президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин төрагасы жана депутаттары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү, ошондой эле мамлекеттик органдардын жетекчилери катышууда. Ал эми өлкөнүн бардык облустарынан жана аймактардан 1 072 делегат келген.