"Казылбаган жерибиз калбады". Чаткалдан келген делегат курултайда кен казуу, экология маселесин айтты

Бүгүн, 26-ноябрда Бишкекте өтүп жаткан Элдик курултайда Чаткалдан келген делегат экология, кен казуу боюнча маселелерди көтөрдү.

Жалал-Абад облусуна караштуу Чаткал районунан келген делегат Жылдызбек Абибакир уулу аймактагы экология көйгөйлөрүн айтуу менен президент Садыр Жапаровго кайрылып, сатылып кеткен лицензияларды кайтарып алууну суранды.

"Биздин район аябай көйгөйлүү район. Өзүңүздөр билесиздер, өлкө башчы да барып көргөн, жеринен билет. Аябай шарты катаал. Негизинен кен тармагынан алдыга кетип калганбыз. Кен боюнча аябай чоң көйгөйлөрүбүз бар. Биринчиден, Чаткалдын тешилбеген жери калбады. Бүгүнкү күндө жүздөн ашуун лицензия сатылып кеткен. Садыр Нургожоевич, сизден ошол лицензияларды кайтарып алууну суранабыз. Экинчиден, ошол фирмалар бүгүнкү күндө салыгын гана төлөшөт, эч кандай мамлекетке үлүш төлөшпөйт. Урматтуу Садыр Нургожоевич, муну эмне кылабыз?

Менин кичинекей кезимден жүрөгүмдү өйкөгөн маселе бар. Азыркы учурда Чаткал экологиялык катастрофага учурап калды. Казылбаган жерибиз калбады, суубуз булганып жатат. Эл чыгып тополоң кылайын десе, барып укук коргоо органдарынын кызматкерлери басып коёт. Эмне кылабыз? Мисалы, мен жашаган Терек-Сай, Кызыл-Токойдун жерлери бүт лицензиялык аянтка берилип кеткен. Мен жашаган, туулуп-өскөн, киндик каным тамган жер, менин короом берилип кеткен.

Экинчи маселе, Чаткал тоолуу, кышы катаал болгондуктан элдин саны аябаз аз. Биз Жогорку Кеңешке проблемаларыбызды жөнөтөбүз, бирок эч жетпейт. Ала-Бука району менен биригип, 2005-жылдан бери Жогорку Кеңешке депутат шайлайбыз. Бирок Чаткалдын маселесин көтөрүп койгон бир да адам жок. Ал адамды биз он жылда бир жолу көрөбүз, биз жакка басып барбайт. Эмне кылабыз бул маселени?" - деди ал.

Ал эми өлкө башчы Садыр Жапаров анын суроолоруна курултайдын аягында жооп берерин билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан