Бүгүн, 26-ноябрда Бишкекте өтүп жаткан Элдик курултайда өлкө башчы Садыр Жапаров Кумтөрдүн ишмердүүлүгүнө токтолду.
"Кумтөрдөн уурдалды делген алтынды иликтесин деп комиссия түздүрдүм. Курамына ошол кыйкырып чыккан депутаттарды киргизгиле дедим. Барып ошол 19 тонна алтынды иликтеп келишсин. Кумтөрдү, Улуттук банкты карасын. Мына мен мактаныч менен айта алам, бир жылдын ичинде 37,8 тонна алтын чогултуп, азыркы тапта Улуттук банкта сакталып турат. 40 тоннага жакын алтын бир жылда! Кыргызстандын тарыхында 40 тонна алтын чогулган эмес да. Мына жатат азыр. Ошону мен депутаттык комиссияга барып колуңар менен кармап, көрүп келгиле десек. Даяр эмеспиз деп дагы деле барбай жатышат", - деди мамлекет башчысы.
Ошондой эле ал Кумтөрдү мамлекетке алуу оңойго турбагандыгын белгилеп, ага бир жылдан ашуун убакыт кеткенин кошумчалады.