"Алар Кемпир-Абадга күйгөн жок". Жапаров активисттердин камалганы боюнча пикирин айтты

Бүгүн, 26-ноябрда борбор калаада өткөн Элдик курултайда өлкө башчы Садыр Жапаров камакка алынган активисттер тууралуу суроого жооп берди.

"Ооба, көпчүлүк активисттер мен түрмөдө жатканда колдогон. Арасында акчага колдогондор да, чет өлкөдөн акча алып колдогондор да болгон.

Мен аларды колунан жетелеп барып чогулушка катыштырган жокмун да. Чет жактан акча алып келип "ме сага акча, ме бусикке, портерге акча. Элди портерге жүктөп кел" деп акча берип жатат. Портерге элди жүктөп келгидей аларга эл малбы?

Алар Кемпир-Абадга күйгөн жок. "Ызы-чуу салабыз, Өзбекстан менен чек араны чечтирбей коюш керек" деп жеке кызыкчылыгы үчүн, эки өлкөнүн ортосунда согуш чыгаруу үчүн гана кызыкдар болгон. Алар жеке эле өздөрү эмес, чет жактан да шыкактап турган күчтөр бар. Эми аны сот чечет. Элге бүлүк салам деп жаткандарды сот камабаганда эмне кылат?! Башынан сылап отурабы? 25-30 кишинин кызыкчылыгын эмес, 7 миллион элдин, мамлекеттин кызыкчылыгын карашыбыз керек", - деди Садыр Жапаров.

Белгилей кетсек, бүгүн Элдик курултайда делегат Баатырбек Исмаилов азыркы тапта бир катар активисттердин убактылуу кармоочу жайда отурганын сынга алып, өлкө башчыдан аларды бошотууну суранган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан