Жылдызкан Жолдошова: "Элдик курултай вазыйпасын аткара албай жатат"

Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Жылдызкан Жолдошова Элдик курултай вазыйпасын аткара албай жаткандыгын айтты. Анын пикиринде делегаттар бийликтен отчёт алгандын ордуна, өтүнүч менен кайрылууда.

"Ачыгын айтканда курултай өзүнүн вазыйпасын аткара албай жатат. Себеби курултай деген президенттен, министрлер кабинетинен отчёт ала турган орган. А курултайга келген делегаттар "тигини салып берсеңер, муну салып берсеңер "деген өңдүү сураныч, өтүнүчтөр чектелүүдө. Биз бийлик эмне иш кылды, берген убадаларынын кайсынысын аткарды, кайсынынсын аткарган жок дегендерди айтышыбыз керек эле", - деди Жолдошова

Ошондой эле ал парламент болгондон кийин курултайдын кереги жок экендигин кошумчалады.

Белгилей кетсек, Жылдызкан Жолдошова курултайга Кара-Суу районунан делегат болуп келген.

Биринчи Элдик курултай
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан