Президент "Сизге болгон сүйүүм өчтү" деген делегатка жооп берди

Элдик курултайда өлкө башчы Садыр Жапаров ага болгон сүйүүсү солгундаганын айткан делегатка жооп берип, аны кабыл аларын билдирди.

"Биринчи президент, экинчи Ташиев" дедиңиз, мен жакшы деле түшүнгөн жокмун. Биз эмне кылып жатабыз? Кемчиликтерибизди ачык эле айтыңыз. Эмнеге жакшы көрбөй, эмнеге сүйбөй калдыңыз, толуктап айтып кетпейсизби?" - деди ал.

Ошондой эле мамлекет башчысы аны кабыл аларын кошумчалады.

Эске салсак, Алай районунан келген делегат Алмаз Жоробаев президентке кайрылып, бийлик өкүлдөрүнө көңүл бурууга чакырып, "сизге болгон сүйүүм мурункуга караганда кайтты, элдики дагы кайтты" - деген эле.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан