Кечээ, 26-ноябрда Жалал-Абад шаарында кеңейтилген Шопоков көчөсү пайдаланууга берилди. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.
Жолду ачуу аземине бийлик өкүлдөрү жана жергиликтүү жашоочулар катышты.
Аталган көчөнүн узундугу 1167 метрди түзөт. Жолдун туурасы кеңейтилгенге чейин жалпы 12 метрди түзгөн болсо, учурда 21 метрге чейин кеңейтилди.
Кеңейтүү ишинин алкагында жолдун эки тарабына тротуар, темир-бетон арыктар курулуп, жарыктандыруу иши жүргүзүлдү.
Белгилүү болгондой, курулушка жергиликтүү бюджеттен 42 миллион сом акча каражаты жумшалды.