Казакстанда 2023-жылы парламенттик шайлоо өтөт

Казакстанда 2023-жылдын 14-январь күнү парламенттик шайлоо өтөт. Тиешелүү жарлыкка президент Касым-Жомарт Токаев кол койгонун аталган өлкөнүн басылмалары жазды.

Даярдык иштери үчүн президент бир катар тараптарга тапшырмаларды берген.

Казакстанда ушул жылдын башында январь айындагы нааразылык акцияларынан кийин Касым-Жомарт Токаев мамлекетте бир катар өзгөрүүлөрдү жасап, анын ичинде Баш мыйзам кайра жазылган.

Мунун негизинде мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтүп, Касым-Жомарт Токаев кайрадан шайланып келди. Ага шайлоочулардын 81,31 пайызы добуш берген. Президенттин ант берүү салтанаты 26-ноябрда өткөн.

Ошондой эле жаңы Баш мыйзамга ылайык, Казакстан парламентине да мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтөт.

Ал эми жергиликтүү бийликке жана төмөнкү палатага шайлоо өткөрүү июнь айына пландалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан