Кылымдык тарыхы бар түрк кофеси тууралуу кызыктар

Салттуу түрк маданиятында түрк кофесинин өзгөчө орду бар. Түрк кофеси кылдат даярдоо ыкмасы, каңылжаарды кытыгылаган жыпар жыты, көңүлдү ачкан кооз көбүктүү көрүнүшү менен дүйнөгө белгилүү. Түрк кофеси өзгөчө даамы жана салттуу баалуулугу менен 2013-жыл, 5-декабрда ЮНЕСКОнун Материалдык эмес маданий мурастар тизмесине киргизилген. Түрк кофесинин ЮНЕСКОнун тизмесине катталган күн, 5-декабрь "Бүткүл дүйнөлүк түрк кофесинин күнү" катары жыл сайын белгиленип келет.

КЫЛЫМДЫК ТАРЫХЫ БАР ТҮРК КОФЕСИ

Кофе Түркияга алгач Йемен аркылуу Осмон султаны Кануни Сулеймандын (1520-1566) тушунда келген. Болжол менен 16-кылымдын орто ченинде Стамбулда коомдук кофеканалар ачыла баштаган. Кофе ичүү түрктөр арасында тез эле популярдуу болуп кеткен. Кофе ичүү маданияты өлкөнүн булуң-бурчуна жайылган. Муну менен катар түрк кофесин Европага сатып тирилик кылган соодагерлер да көбөйгөн.

ТҮРК КОФЕСИ ЭМНЕСИ МЕНЕН ӨЗГӨЧӨ?

Түрк кофеси башка кофелерден өзгөчө майдалыгы, кургактыгы менен айырмаланып турат. Төө буурчактай болгон кофелер алгач порошок сыяктуу майдаланат. Андан соң майдаланган кофенин үстүнө кайнак суу куюлат. Бир аз демдеген соң тунарган кофе конокторго берилет. Түрк кофеси кылымдар бою мына ушундай ыкма менен даярдалып келет.

УНИКАЛДУУ КОМПОНЕНТ

Түрк кофесинин дагы бир уникалдуу компоненттеринен бири - бул анын сервиси. Башкача айтканда, конокко берүү ыкмасы. Түрк кофеси кичинекей чөйчөкчөдө суу жана локум менен кошо берилет.

Локум – бул түрктөрдүн эң белгилүү таттууларынын бири. Муздак суу тамакты тазалап, кофенин накта даамын сездирсе, момпосуй тилди таттуу кылат.

ТҮРК КОФЕСИНДЕГИ 40 ЖЫЛДЫК ЭЛЕС

Түркияда “Кофеде кырк жылдык элес бар” деген кеп бар. Жакын, дос, тууган жана тилектештер ортосунда жылуу сөз жана жагымдуу күнгө старт дал ушул түрк кофесинен башталат. Үй ээлери келген коноктордон алгач эле кофе ичип, ичпей турганын сурашат.

КОФЕКАНАЛАРДА КАЙНАГАН ТУРМУШ

Бүгүнкү күндө кофеканалардагы комфорт атмосферада жай баракат отура ой-пикир алышуу, идеяларды талкуулоо, жакшы тилек, бийик максат, кыялдар жана пландар түзүү модерн жашообуздун ритуалына айланды. Мындайча айтканда кофе мамилелерди чыңдоо жана достукту бекемдөөнүн символу катары кабыл алына баштады.

Түркияда күйөө бала ата-энеси менен кыздын колун сураганы келгенде болочок келин кудаларга түрк кофесин жасап берет. Уламыштарда эгер кыз жигитке турмушка чыккысы келбесе, канттын ордуна кофеге туз кошуп берет деп айтылып келет.

КОФЕ ТӨЛГӨ ДЕЛГЕН КАДИМКИ САЛТ

Түрктөрдө кофе төлгө деген салт да бар. Кофе ичилгенден кийин чынысын тескери оодарып, тартылган формалар түрдүүчө чечмеленет. Бул романтикалуу жана фантастикалык салт да түрк маданиятынын ажырагыс бөлүгүп болуп сакталып келе жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kg-04
2022-11-27 14:59:00
Кыргыздын таарыхын да изилде турктордун ар нерсесин чыгарбай
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан