"Жаан-чачын күтүлбөйт". 28-ноябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыргызстанда 28-ноябрга түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтин маалыматында айтылат.

Ал эми күндүз Чүй, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт.

Башка аймактарда жаан-чачын болбойт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +3…+8;

Талас жергесинде түнкүсүн -1…-6, күндүз +4…+9;

Ош, Жалал-Абад, Баткен дубандарында түнкүсүн -1…+4, күндүз +10…+15;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +4…+9;

Нарын облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз -2…+3;

Бишкекте 28-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -4…-6, күндүз +5…+7 градус болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан