"Эдельвейс" тоодон куткаруу тобунун имараты ачылды

"Эдельвейс" тоодон куткаруу тобунун имараты салтанаттуу түрдө ачылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирет.

Кабарлангандай, КДМБнын өздүк курамынын күчү менен имаратка капиталдык оңдоолор жасалган. Учурда аталган тоо куткаруучулар тобу тиешелүү шаймандар, керектүү жабдыктар менен жабдылып, жардам берүүгө даяр.

Тоодон куткаруу кошууну 24 куткаруучудан турат. Алар Кыргызстандын тоолоруна альпинисттер, туристтер келип кырсыкка кабылып калса куткаруу иштерин аткарат.

Алардын курамында фельдшер, байланышчылар, альпинисттер, айдоочулар бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан