"6-жолу операция жасалат". Бир жарым жаштагы Эмир элдин жардамына муктаж болууда

Бишкек шаарынын 1 жарым жаштагы тургуну Эмир Турарбеков тубаса сколиоз (омуртканын кыйшайып өсүүсү) оорусу менен жабыркап келет. Ага тез арада операция жасатуу зарыл, бирок каражат жетишпей жатат. Мындай билдирүү менен SUPER.KG сайтына Эмирдин апасы Бурулбубу Казыбек кызы кайрылды.

Ал баласынын операциясы үчүн керектүү сумманы топтоого мүмкүнчүлүгү жок болгондуктан коомчулукка кайрылып жардам сурады.

"Балам 1 жарым жашта. Төрөлгөндөн бери 5 жолу операцияны башынан өткөрдү. Сколиоз (омуртканын кыйшайып өсүүсү) оорусу менен жабыркап келет. Балабыз мындай оору менен жабыркарын билгенибизге 3-4 ай гана болду. Мындан тышкары жүрөктүн кемтиги бар. Дарыгерлер баламдын бир бөйрөгү жок, мындан улам экинчи бөйрөгүнө күч келип жатканын айтышты. Ошондуктан тез арада операция жасатуу зарыл болуп турат.

Операция Түркияда жасалат. Ал жактын дарыгерлери кепилдик берип жатышат. Ага 35 миң доллар керектелет экен. Биз 500 миң сом гана топтодук. Чамабыз келбей элге кайрылууга туура келип турат", - деди Казыбек кызы.

Жардам берүүнү каалагандар үчүн реквизиттер:

Элсом: (996) 504 270321

МБанк: (996) 504 270321

ОДеньги: (996) 504270321

Оптима Банк: 1091422000140120 Казыбек кызы Бурулбубу

МБанк Н/С: 1030520208170256

Демир Банк:

1180000222153145 - Сом

1180000222153246 - Доллар

1180000222153347 - Евро Казыбек кызы Бурулбубу

Сбербанк: 2202203281197394 Кубаныч.Т

Апасы Казыбек кызы Бурулбубу номери: 0504270321, 0502919201

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан