"Түндүк электр" карызы бар абоненттердин электр жарыгын аралыктан өчүрөт

"Түндүк электр" ишканасы электр энергиясына карызы бар 4 300дөн ашуун абоненттин жарыгын аралыктан өчүрөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, карызы бар абоненттердин электр жарыгы эртең, 29-ноябрдан тарта өчүрүлө баштайт.

Ыңгайсыздыктарга кабылбаш үчүн акционердик коом абоненттерди электр энергияга болгон эсеп-кысапты өз маалында жүргүзүүгө чакырат.

Айта кетсек, абоненттер өз эсебин 1209, 0772/0702/0556 00 12 09 номурундагы күнү-түнү иштеген чалуу-борборуна чалып, же болбосо 0556 001209 номурундагы WhatsApp тиркемесине жазып биле алышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан