Бишкек шаарындагы "Ала-Тоо" аянтында Жаңы жылдык балатынын темир каркасын орнотуу иштери башталды. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди.
Билдирмеге ылайык, балатынын бийиктиги 25 метр, диаметри 12 метр, каркасына 1400 ийне жалбырактуу дарактардын бутактары бекитилет. Аны “Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери орнотууда.
Мындан тышкары быйыл балаты чоң фонтандын ордуна орнотулары маалымдалды.
Эске салсак, шаарды жаңы жылга карата жасалгалоо иштери декабрь айынын ортосуна чейин созулат.