Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун кичүү уулу Элдар Айтматовдун жубайы Сабира Айтматова көз жарды. Бул тууралуу Айтматова Инстаграм баракчасына жазган.
Белгилүү болгондой, ал кечээ, 27-ноябрда уул баланы жарыкка алып келген.
Сабира Айтматова социалдык тармактагы баракчасына "Кош келдиң, балам" деп жазды.
Буга чейин жубайлар 1 уул, 2 кызды тарбиялап келишкен.