Кыргызстандагы туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду Кыргызстандын маданий, жаратылыш жана тарыхый кооз жерлерине баруучу унаа жолдоруна жети жол белгисин орнотту. Бул тууралуу аталган фонддон кабарлашты.
"Фонддун кызматкерлери тарабынан Нарын облусунун аймагындагы жайыттарга, көлгө, кооз капчыгайларга, ошондой эле ысык булактарга баруучу жолдорго жол белгилери орнотулду. Белгилер багыт (ориентир) үчүн да, республиканын туристтик жерлерин даңазалоо үчүн да орнотулду", - деп жазылат маалыматта.
Орнотулган бардык жол белгилери Бажы биримдигинин стандарттарына ылайык, дат баспас болоттон жасалып, күн нуруна жана нымдуулукка туруктуу атайын плёнка менен капталган.
Фонддон кийинки жылы Кыргызстандын бардык аймактарында жол белгилерин орнотуу пландалып жатканын билдиришти.