Бишкек троллейбус башкармалыгынын айдоочуларына медициналык биринчи жардам комплекти таратылды. Бул тууралуу бүгүн, 28-ноябрда калаа мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, биринчи жардам комплектинде эң керектүү дары-дармектер, аммиак (нашатырь спирти), зелёнка, бинт, суутектин перекиси, таңуу материалдары, валерианын эритмеси, кебез, спирттүү майлыктар, гипстер, йод жана валидол бар. Мындай медициналык комплект менен ар бир троллейбус камсыздалды.
"Айдоочулар күн сайын медициналык кароодон өтүшөт. Алардын спирт ичимдиктерин ичпегендиги текшерилип, кан басымы өлчөнөт. Эгерде нормадан четтөө же айдоочудан оорунун белгилери байкалса, каттамдан чыгарылат", - деп айтылат билдирүүдө.
Медайымдар таңкы саат 05:00дөн баштап нөөмөт менен иштешери кошумчаланды.