Сосновкада оор жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөө киргизилди

Бишкек-Ош жолундагы Сосновка постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалым болгондой, аба ырайына байланыштуу чектөө кечээ, 28-ноябрда саат 18:00дөн тартып киргизилген. Учурда постто 80ден ашуун оор жүк ташуучу унаа токтоп турат.

Ал эми Бишкек-Ош унаа жолунун 272-чакырымында жайгашкан Чычкан жана Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Арал постторунда да чектөөлөр киргизилип, 40ка жакын оор жүк ташуучу унаалар токтоп турганы кабарланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан