Сокулукта аңчылыкка кетип, кайтпай калган жаран изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Белгилүү болгондой, 27-ноябрь күнү Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Төш-Булак айылындагы “Кичи-Тоо” тоосуна 1961-жылы туулган А.Б. жана 1972-жылы туулган З.Д. аттуу 2 эркек киши аңчылыкка чыгышкан.
Ошол эле күнү А.Б. аттуу жаран күндүзгү саат 14:00дө кайра айылды көздөй кайтып келген.
Ал эми З.Д. аттуу жаран тоодо текенин артынан кеткен бойдон дайыны жок болуп жаткандыгы тууралуу маалымат "112" кызматына түшкөн.
Бүгүн З.Д. аттуу жаранды издөөгө министрликтин Сокулук райондук бөлүмүнөн 5 куткаруучу тартылып, издөө иштери башталды.
Ведомстводон кошумча маалымат бериле турганын айтышты.